2025-жылы 136 миңден ашуун наристеге "Балага сүйүнчү" төлөмү берилди
2025-жылы бир жолку берилүүчү "Балага сүйүнчү" төлөмүн 136 миң 568 бала алды. Бул тууралуу 26-февралда Эмгек министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, алгандардын ичинен 36 бала үч эм жана андан көп төрөлгөндөр. Бир жолку төлөм ар бир төрөлгөн балага үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет жана анын өлчөмү 4 миң сомду түзөт.
Үй-бүлөдө бир учурда үч же андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөм каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:12
2026-02-26
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















