Мексикада сууда секирүү боюнча Дүйнөлүк кубоктун этабы өтпөй турган болду
Мексикада чыр-чатактардан улам сууда секирүү боюнча Дүйнөлүк кубоктун этабы токтотулду. Бул тууралуу World Aquatics расмий сайтында жарыялады.
"Бул чечим Сапопан шаарындагы жана Халиско штатындагы кырдаалды терең баалоонун негизинде кабыл алынды. World Aquatics бардык катышуучулардын коопсуздугун эң маанилүү приоритет катары карайт", - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.
Этап 5-8-мартта Сапопан шаарында өтүшү пландалган болчу.
Мурдараак ФИФА Мексикада 26-31-мартта өтүшү пландалган континенттер аралык плей-офф оюндарын башка өлкөгө көчүрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген. Бул чечим мексикалык бийликтен коопсуздук кепилдиги алынгандан кийин гана кабыл алынат.
Кээ бир мексикалык штаттардагы чыр-чатактар наркобарон Эль Менчону жок кылгандан кийин башталган. "Жаңы Халиско мууну" картелинин мүчөлөрү автоунааларды жана дүкөндөрдү өрттөп, жолдорду тосушкан. The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына караганда, бул чара лидеринин өлүмүнө жооп катары пландалган болчу.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















