super.kg logo
  Саясат  

Шайлообек Атазов Нурланбек Тургунбек уулун "каражолтой" атады

 
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов парламенттин мурдагы депутаты жана төрагасы Нурланбек Тургунбек уулун "каражолтой" деп атады.

"Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңеште 2023-2024-жылдар аралыгында 20дан ашык депутатты тегирменге салып берип, төрага катары бир жолу ооз ачып сөз айтып койбостон, тескерисинче, мыйыгынан кытмыр күлүп, чөөлөрдөй кол чаап турду. Бул каражолтой Шакиев келери менен парламентте интрига башталды.
Жогорку Кеңеште ата-бабалардан бери келе жаткан эркиндиги, элдин үнү чыкпай Шакиевдин жеке фирмасына айланды. Сталинге кара кагаз жазгандай Шакиев парламентте жок жерден интрига жаратып, жалган-жалаа жаап "мени Жогорку Кеңеште укпай жатышат, буларды кетирип бериңиз" деп Сүмбүлчөсүнөн кожоюнуна жүгүнүп жүрдү.
Депутаттарды кабинетине чакырып, "мени укпасаңар баарыңарга иш козготом, Атазовду кандай жасалма иш менен каматсам, силерди да ошондой каматам" деп катуу чиренди. Шакиевди 5 жыл төрага кылып, төргө олтургузгандар тууралуу иштен кетип жатканда эки ооз жылуу кеп айта албай, тескерисинче, куу чирендикке салып, төрагалыктан кетип жатканда жогорку трибунада “мени бир же эки адамга байлабагыла” деп каратып туруп эле саткынчылык кылбадыбы",- деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Атазов ошондой эле Тургунбек уулун ага кылмыш ишинин козголушуна кызыкдар болгонун белгилеп, "Шакиевдин саясий интригасынан бир нече саясатчылар камалышты, көптөгөн энелердин көз жашы акты, балдары куса болду, ден соолугунан ажырашты. Канчалаган үй-бүлө сыздап жатат" деп кошумчалады. Мурдагы депутат аны саясий интриганын баштоочусу деп да сынга алды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: