Ош мэри күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берди
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө тиешелүү кызматтарга шаардагы абалды көзөмөлдөө жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.Калаа башчысы учурда шаардагы негизги маселелер - баш аламан соода жайларын иретке келтирүү, мыйзамсыз соода жүргүзүүгө бөгөт коюу жана коомдук жайларда жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу экендигин белгиледи.
Мэр бул багытта күнүмдүк рейддик иш-чараларды күчөтүү, алдын алуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү, тартипти сактоо жана мыйзам талаптарын бузгандарга карата тиешелүү чараларды көрүү боюнча кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү зарылдыгын айтты. Мындан тышкары, ыкчам жана так иш алып барууну тапшырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2026-02-27
16:40
2026-02-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















