Министр Кулубаев Лондон фондулук биржасына барды (сүрөт)
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 26-февралда Улуу Британияга болгон иш сапарынын алкагында Лондон фондулук биржасына барды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө дүйнөлүк деңгээлдеги эң байыркы жана ири баалуу кагаздар соода аянтчаларынын бири болгон биржанын соода сессиясы расмий түрдө ачылды.
Белгиленгендей, Кыргызстан менен Лондон фондулук биржасынын ортосунда суверендүү еврооблигацияларды чыгаруу маселелери боюнча натыйжалуу кызматташуу тажрыйбасы бар.
Аземдин соңунда Кулубаев биржанын ардактуу коноктор китебине эскерүү жазуусун калтырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:25
2026-02-27
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















