super.kg logo
  Саясат  

Данияр Амангелдиев Евробиримдиктин атайын өкүлү менен жолугушту

 
Өкмөт башчынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Европа биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан менен жолугушту. Бул тууралуу 27-февралда министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кыргыз тарап экспорттук жана финансылык көзөмөлдүн натыйжалуулугу тышкы экономикалык чынжырдын бардык катышуучуларынын, анын ичинде европалык экспортчулардын да бөлүштүрүлгөн жоопкерчилигин болжолдой турганын белгиледи.
Ошол эле учурда тобокелдиктерди баалоонун ачык-айкын механизмдерин түзүү зарылдыгын, чечимдерди кабыл алуу жана андан кийинки иш-аракеттерди координациялоо үчүн текшерилген жана актуалдуу маалыматты пайдалануунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө айрым коммерциялык банктарга карата чектөө чараларына байланыштуу маселелерди этап-этабы менен жөнгө салууга багытталган биргелешкен чаралардын планын даярдоо жана техникалык өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы форматын аныктоо зарылдыгы белгиленди.
Өз кезегинде Дэвид О'Салливан кыргыз тарапка кыргызстандык банктарды санкциялык тизмеден чыгаруу жана келечекте финансылык тобокелдиктерди болтурбоо боюнча конкреттүү сунуштар жөнөтүлгөнүн билдирди. Атайын өкүл Евро биримдик экспорттук жана финансылык көзөмөл механизмдерин чыңдоодо мындан аркы прогресске үмүттөнөрүн баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар иш тартибинде практикалык диалогду жана байланыштарды улантууга даяр экендиктерин ырасташты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: