super.kg logo

Женевада АКШ менен Ирандын сүйлөшүүсү ийгиликсиз өткөнү айтылды 

 

Женевада өткөн Ирандын өзөктүк программасы боюнча АКШ менен Ирандын сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы келишимсиз аяктаганы айтылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Тараптар негизги маселелер боюнча бир пикирге келе алышкан эмес. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө америкалык өкүлдөр Иран Фордо, Натанз жана Исфахандагы өзөктүк объекттерин жок кылып, калган байытылган уранды АКШга өткөрүп бериши керектигин талап кылышкан.

Мындай талаптарга Иран тарап макул болгон эмес. Иран өзүнүн уран корун чет өлкөгө өткөрүү идеясын четке кагып, уранды байытууну токтотуу, өзөктүк объекттерди демонтаждоо жана анын программасына чектөө киргизүүгө каршы экенин билдирген.

Белгилей кетсек, 26-февралда Женева шаарында АКШ менен Иран ортосунда өзөктүк программа боюнча Омандын ортомчулук кылуусу астында сүйлөшүүлөр өткөн.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: