Японияда биринчи жолу учуучу унаа текшерүүдөн өттү (видео)
Япониянын Sky Drive компаниясы Токиодо биринчи жолу учуучу унааны текшерүүдөн өткөрдү. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Аталган компаниянын маалыматында, сыноолорго Skydrive SD-05 үлгүсүндөгү учуучу унаа катышкан. Алыстан башкарылуучу учкучсуз учак Токио булуңундагы суунун үстүндө болжол менен 150 метр бийиктикте учуп, үч жарым мүнөт абада турган.
Текшерүүдөн өткөн унаа үч кишиге ылайыкталган. Ал 15 чакырымдан 40 чакырымга чейин жол жүрүүгө ылайыкташкан. Жаратуучулар мындай унаалар көлөмү жагынан жеңил болуп, салттуу тик учактар сыяктуу конууга мүмкүн болгон жерди тандабай турганын билдиришкен.
Учурда мындай учуучу унааларды өлкөнүн айрым аймактарында коммерциялык ишке 2028-жылы киргизүү пландалууда.
Японияда биринчи жолу учуучу унаа текшерүүдөн өттү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:44
2026-02-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















