Президент беш жылда берген убадаларын аткарганын билдирди
Бүгүн, 27-февралда өлкө башчы Садыр Жапаров Ынтымак-Ордодо өтүп жаткан республикалык кеңешмеде 5 жылдык президенттик мөөнөтүндө берген убадаларын аткарганын билдирди.
"Шайлангандан кийин алгачкы сөздөрүм али дагы эсимде. Ошондо мен "Кыргызстанда баары жакшы болот. Бизди жаркын келечек күтүп турат" деп айткам. Бул жөн гана элди жубатуучу сөз эмес, бул чын ниетим менен берилген убада эле.
Өлкөбүздөгү чыңалган абалды турукташтыруу, мамлекеттүүлүктү сактап калуу жана туруктуу өнүгүүнүн пайдубалын түптөө үчүн бардык мүмкүн болгон аракеттеримди жасайм деп тилеген болчумун. Мен дагы, менин командам дагы убада берүү оңой, ал эми аны аткаруу кыйын экенин түшүнгөнбүз. Биз өлкө келечеги үчүн башыбызды байлаганбыз. Биз 5 жыл ичинде өнүгүүнүн туруктуу өзөгүн түптөй алдык.
Бүгүн мен командам менен артка кылчайып, Кыргызстан элинин колдоосу менен жогоруда аталган убадабызды аткардык деп сыймыктануу менен айта алам",- деди президент.
Президент беш жылда берген убадаларын аткарганын билдирди
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















