"Мыкты экениңерге карабай..." Садыр Жапаров жетекчилерге кандай талап койду?
Өлкө башчы Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде мамлекеттик кызматтагы жетекчилерге тааныш-билиштик менен кызматка алууну токтотуу талабын койду.
"Мамлекеттик кызматтарга жумушка алууда "өкүл балам, жээним, таякем, кудам, аяш үкөм же жердешим жана башка" деген сыяктуу мыйзамга жат, одоно катачылыктар болбошу керек. Эгерде ушундай мыйзамсыз учурлар, жагымсыз жагдайлар, адилетсиз көрүнүштөр аныкталса, мыкты жетекчи экениңерге карабай тиешелүү жазаңарды аласыңар.
Ошону менен бирге, жогорку борбордук аткаруу бийлигинде кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жер-жерлерде чабал жүрүп жатканын да белгилей кетейин. Мунун так себептерин өз учурунда аныктап, тиешелүү чара көрүлбөсө, бүгүнкү күндө жетишилген өнүгүү ыргагы кайрадан басаңдайт. Биз буга жол бербешибиз керек. Ошондуктан, облустардагы өкүлчүлүктөр, райондук жетекчилер жана айыл өкмөттөрү менен ыкчам, тыгыз кызматташууну колго алыңыздар",- деди президент.
Садыр Жапаров жетекчилерге кандай талап койду?
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















