Никол Пашинян жубайы менен ажырашып, андан кечирим сурады
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жарандык жубайы Анна Акопян менен эки ажырым жолго түшкөндөн кийин кечирим сурап чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Пашинян өзүнүн Telegram каналында жубайынын өкмөттүк резиденциядан кетүү тууралуу чечимин урматтай турганын жазган. Анын айтымында, акыркы 30 жыл ичинде Акопян бардык оор учурларда жанында таянычы болду.
"Балким, мен ага көбүрөөк оорчулук жараткандырмын, ошол үчүн кечирим сурайм",- деп билдирген Пашинян.
17-февралда Акопян Пашинян менен ажырашканын жарыялап, анын себебин ачыктаган эмес. Алар 1990-жылдардан бери чогуу жашап, бирок расмий никеге турушкан эмес. Экөөнүн төрт баласы бар.
Буга чейин Пашинян эмне себептен расмий никеге турбаганын түшүндүрүп, 1990-жылдары оппозициялык саясатчы катары камакка алынышы же мүлкү конфискацияланышы мүмкүн деп кооптонгонун айткан. Ошондуктан үй-бүлөнүн коопсуздугу үчүн батирди Акопяндын атына каттатканын белгилеген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















