super.kg logo

Ооганстан Пакистанга каршы аскердик операциясын аяктаганын жарыялады

 

Кабул Пакистандын чек ара провинцияларындагы ири аскердик операциясын аяктады. Бул тууралуу Ооганстандын коргоо министрлигине таянып чет элдик басылмалар жазышты.

Жума күнү кечинде ооган куралдуу күчтөрү Пакистанга жооп иретинде өлкөнү экиге бөлүп турган Дюранда линиясынын боюндагы пакистандык күчтөрдүн борборлоруна жана объектилерине чабуулдук операцияларды баштаганын жарыялады. Кабул соккуларды "Пакистандын Ооганстандын аймагына жасаган агрессиясына" жооп катары баштаганы менен түшүндүргөн.

"Түн жарымында Ислам Эмирлигинин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын түздөн-түз буйругу менен аскердик операция ийгиликтүү аяктады", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

Ооганстандын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, операциянын натыйжасында Пакистандагы эки аскерий базасы жана 19 аскерий пост басып алынган. Анын кесепетинен 50дөн ашык Пакистандын жаран каза тапканы айтылууда.

Ооган тараптан 8 аскер кызматкери каза болуп, 13ү жаракат алган. Мындан тышкары Нангархар провинциясындагы качкындар лагерине душмандын ракеталык чабуулунун натыйжасында 13 оогандык жай тургун, анын арасында балдар жабыр тартканы кабарланат.

26-февраль күнү кечинде ооган куралдуу күчтөрү Пакистандын чек ара провинцияларында чабуул коюучу аскердик операция башталганын жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: