Казакстандын Башкы прокуратурасы Эпштейн боюнча иликтөө ишин баштады
Казакстандын Башкы прокуратурасы америкалык чуулгандуу финансист Жеффри Эпштейн боюнча иликтөө ишин баштады. Бул тууралуу Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов билдиргенин Tengrinews.kz басылмасы жазды.
"Албетте, бул олуттуу маселе. Бүткүл дүйнө талкуулап жатат. Укук коргоо органдары бул маселени иликтеп, фактылар болгон же жок экенин тактап жатабыз",- деген Асылов.
Буга чейин Мажилистин депутаты Асхат Рахимжанов башкы прокурор менен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынан казакстандык жогорку даражалуу чиновниктер менен Эпштейндин байланыштары тууралуу маалыматты изилдөөнү талап кылган.
Анда депутат АКШнын Юстиция министрлиги жарыялаган документтерде Казакстандын мурдагы саясий элиталарынын аты аталып жатканын айткан болчу.
Маалымат үчүн:
2019-жылы америкалык финансист Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.
Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.
Ал эми АКШнын Юстиция министрлиги Эпштейндин ишине байланыштуу документтерди ачык жарыялаган. Анда бир катар дүйнөлүк жылдыздардын, ишкерлердин жана саясатчылардын аттары аталган. Алардын арасында Казакстандык саясатчылар дагы бар эле.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















