Адам жашоосундагы гормондордун таасири

Адам организминде 60тан ашык гормон бар. Гормондордун негизги кызматы – зат алмашууну жана дээрлик бардык органдардын функциясын жөнгө салуу болуп эсептелет. Башкача айтканда, организмди башкарууда гормондор маанилүү роль ойнойт. Кайсынысы кандай кызмат аткарат жана гормоналдык дисбаланс учурунда эмне болот, макалага көз жүгүртүңүз.
ГОРМОН БУЛ...
Гормондор – органдардын жана ткандардын түзүлүшүнө жана функциясына чоң таасир этүүчү ар кандай түзүлүштөгү химиялык кошулмалар. Ички секреция бездеринин клеткалары тарабынан өндүрүлгөн биологиялык активдүү заттар. Алар кан аркылуу клеткаларга жана ткандарга барат. Ал жерден белгилүү бир рецепторлор менен байланышып, ошону менен зат алмашууну жана көптөгөн физиологиялык функцияларды жөнгө салышат.
КЫЗМАТЫ
Гормондор жалпысынан төмөнкү кызматтарды аткарышат:
Зат алмашууну жөнгө салат;
Тамакка табитти көзөмөлдөп турат;
Маанайга таасир этет;
Уйкуну жана ойгоо жүрүү маалын нормалдаштырат;
Температураны көзөмөлдөйт;
Жүрөктүн кагышын жана артериалдык кан басымды жөнгө салат;
Жыныстык функцияларды калыпта кармайт;
Жашоо циклиндеги өзгөрүүлөргө (балалык, өспүрүм курак, жаш курак, орто курак жана башка) жооп берет;
Иммунитетти бекемдейт;
Бойдун өсүшү, денедеги физиологиялык өзгөрүүлөргө жооптуу;
Башка органдардын функциясына да таасир этет.
ОРГАНИЗМДЕГИ НЕГИЗГИ ГОРМОНДОРДУН КЫЗМАТЫ
Адам организминде 60тан ашык гормон бар дедик. Алардын айрымдарына токтолсок:
Инсулин
Инсулин – организмде глюкозанын клеткалар тарабынан кабыл алынышына жооптуу. Булчуңдардын өсүшүнө таасир берет, андан сырткары адамдын тамакка табитин нормалдаштырып турат. Тез-тез тамактануу, таттуулар жана жогорку калориялуу кечки тамактар уйку безин тынымсыз инсулин өндүрүүгө мажбурлайт. Ал эми инсулин ашыкча калорияларды майга айлантат. Натыйжада адам салмак кошуп баштайт. Инсулин нормадан төмөн болсо да, ашыкча болсо да кант диабети дарты жаралат.
Тестостерон
Бул гормон аялдарда да, эркектерде да бар. Анын кызматы:
Эркектерде жыныстык функцияны жөнгө салуу жана сперматозоиддерди өндүрүү;
Аялдарда да, эркектерде да жыныстык каалоонун болушун (же болбошун) көзөмөлдөө;
Булчуң ткандарынын сапатына жооп берүү;
Стресске туруктуулукту сактоо;
Эмоционалдык жүрүм-турумду башкаруу;
Канда гемоглобиндин жана эритроциттердин бөлүнүп чыгышын шарттоо;
Сөөк ткандарында кальцийдин топтолушун жана башкаларды жөнгө салып турат.
Эстроген
Аялдардын жыныстык гормону – эстрогендер. Аялдардын алгачкы жыныстык өзгөчөлүктөрүн, өзгөрүүлөрүн өнүктүрүү үчүн жооптуу гормон. Аялдагы репродуктивдүү функцияларды жана эмоционалдык абалын нормада кармайт.
Д
Д-гормон же болбосо коомчулукта Д витамини деп аталган гормондун адамдын жашоосунда таасири чоң.
Антиоксидант болуп эсептелет жана сезгенүүлөргө, вирустук, бактериялык ооруларга каршы турат.
Организмде фосфор жана кальцийдин айланышын, сиңишин жөнгө салат. Натыйжада сөөк ооруларын, мисалы, чоңдордо остеопороз, кичинекейлерде рахит оорусунун өнүгүшүнүн алдын алат.
Жүрөк-кан тамыр системинин иштешин жакшыртат.
Жыныс клеткаларынын жетилишин жакшыртат.
Май алмашуу процессин жеңилдетет.
Псориаз жана башка тери ооруларынын алдын алат жана башка.
Д гормону жетишсиз болсо, тиш же башка сөөк оорулары, баш оорусу, депрессия, чарчаңкы абал, астма, жүрөк-кан тамыр оорулары, диабет, булчуңдардын алсыздыгы, семирүү жана башка оорулар жаралышы мүмкүн.
ТТГ
ТТГ – калкан безинин трийодтиронин T3 жана тироксин T4 гормондорунун иштелип чыгышын жөнгө салат. Калкан безиндеги бул гормондор дисбаланс болгондо гипотиреоз жана гипертиреоз жаралат.
Гипотиреоз – бул калкан безиндеги гормондордун жетишсиздиги. Белгилери: жүрөктүн кагышы нормадан төмөндөйт, чач түшөт, сынма, морт болуп калат. Адам үшүкчөөл болот. Адаттагыдай эле тамактанса да салмак кошо баштайт. Ич катуу, уйкусуроо (уйкусуздук), стресске туруксуздук, менструалдык циклдин бузулушу, теринин кургап, саргарышы байкалат.
Гипертиреоз – бул калкан безиндеги гормондордун нормадан ашыкча болушу. Белгилери: жүрөк бат-баттан кагат, чач, тырмак жукарат, сынма, морт болот, чач агарып башташы мүмкүн. Көп тердейт, кадимкидей тамактанса да салмак таштайт, тамакка табити жогорулайт, ич катуу же диарея, көз оорулары, булчуң алсыздагы, колду майда калтырак басуу, аялдарда менструалдык циклдин бузулушу, эркектерде потенциянын төмөндөшү жана башка белгилер болот.
ЭМНЕГЕ ГОРМОНАЛДЫК ДИСБАЛАНС ЖАРАЛАТ?
Гормоналдык баланс – ички жана тышкы чөйрөдөгү кичинекей өзгөрүүлөргө да сезимтал түзүлүш болуп саналат. Төмөнкү факторлор дисбаланска алып келиши мүмкүн:
• Физикалык активдүүлүктүн аздыгы же жоктугу.
• Курч кармаган жана өнөкөткө айланган стресс.
• Туура эмес тамактануу.
• Уйкунун, эс алуунун жетишсиздиги.
• Жаман адаттар (тамеки, баңгизат, алкоголь жана башка).
• Экологиялык ыңгайсыз чөйрөдө жашоо (аба ырайынын организмге туура келбеши, кир аба, кир суу жана башка).
• Эндокриндик оорулар.
• Баш мээнин жаракаты.
• Аутоиммундук патология.
• Гормоналдык фондун өзгөрүшүнө алып келчү дары-дармектер, контрацептивдер, бета-блокаторлор, антидепрессанттар.
КАЧАН ВРАЧКА КАЙРЫЛУУ КЕРЕК?
Гормоналдык дисбаланс тиш оору же ич оору сыяктуу дароо байкалчу белгилүү бир симптомдору жок. Ошондуктан көпчүлүк учурда адам байкабай жүрө берет. Кандай белгилер байкалганда гормондорду текшертип коюу керек:
Салмак кошулуп, андан арылуу оор болуп жатканда;
Бойго бүтпөй жатканда;
Либидо (жыныстык каалоо) төмөндөгөндө;
Денеге же бетке түк ашыкча өсүп баштаса;
Аялдарда менструалдык цикл бузулса.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Дүйнөдө эң кеңири тараган гормоналдык оору – кант диабети. Калктын 8 пайызы бул оору менен жабыркайт.
Кучакташуу шишиктерди кетирүүчү жана денедеги майда жаракаттарды айыктыруучу окситоцин гормонун бөлүп чыгарары далилденген. Түндүк Каролина университетинин окумуштуулары 20 секунд кучакташуу окситоцинди бөлүп чыгарарын жана жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучун азайтарын аныкташкан. Демек, жакшы көргөн адамыңыз менен көп кучакташуу керек.
Дагы бир изилдөөгө ылайык, адам сүйүп калганда анын мээси баңгизат сыяктуу таасир берген (дофамин, серотонин, норадреналин) гормондорду бөлүп чыгарат. Адам сүйүп калганда эйфория сезиминде жүргөнү ушундан улам.
0


Супер-Инфо
super.kg видео

















