super.kg logo

Бир жашка чейинки балдардын туура тамактануусу: Эмчек сүтү жана кошумча тамактын мааниси

 

Баланын ден соолугу анын жашоосунун алгачкы айларынан баштап калыптанат. Бойдун өспөй калуусу, аз салмак менен төрөлүү, витаминдер менен минералдардын жетишсиздиги — булар балдардын саламаттыгына коркунуч жараткан негизги көйгөйлөрдүн бири.

Адистердин айтымында, баланы 2 жашка чейин эмчек сүтү менен багуу жана 6 айдан тартып кошумча тамактарды туура киргизүү 5 жашка чейинки өлүм көрсөткүчүн 20 пайызга чейин азайтууга жардам берет. Эненин сүтү ымыркай үчүн бардык керектүү микроэлементтердин жана витаминдердин булагы болуп саналат.

Бул темада үй-бүлөлүк дарыгер Асел Маматова түшүндүрмө берет.

Кошумча тамакты качан баштоо керек?

Адистин айтымында, кошумча тамакты 6 айынан баштап берсе туура болот.

  • Алгач 1–2 чай кашыктан баштоо керек;
  • 2–3 жуманын ичинде көлөмүн көбөйтүп, бир жолку порцияны 150 граммга (болжол менен 10 кашык) жеткирсе болот;
  • 7–9 айда — 12 кашыкка чейин;
  • 9–11 айда — 15 кашыкка чейин жетиши мүмкүн.

Маанилүү эреже: кошумча тамак берүүнүн максаты — баланы ашыкча тойгузуу эмес, ар түрдүү даамдарга, текстураларга жана жыттарга көндүрүү.

Эмнеден баштоо керек?

Баланын биринчи кошумча тамагы ар түрдүү болушу мүмкүн:

  • Жашылча пюрелери (картошка, сабиз, ашкабак, брокколи)
  • Дан азыктарынан жасалган ботколор (күрүч, гречка, жүгөрү, сулу)
  • Кийинчерээк эт жана жемиш пюрелери

6 айдан баштап кошумча тамак берүү абдан маанилүү. Себеби ушул мезгилде бала жаңы даамдарга адаптация боло баштайт. Эгер бул этап өткөрүлүп жиберилсе, 2–3 жаштагы бала тамакка табити жок болуп калышы мүмкүн.

Кошумча тамак берүүдө төмөнкүлөргө көңүл буруу керек:

  • Бала ыйлап жаткан учурда бербөө;
  • Эненин маанайы жакшы болуусу;
  • Алгач кошумча тамак, андан кийин гана эмизүү;
  • Ар бир тамактан кийин эмизип туруу.

Эмчек сүтү — бул ымыркай үчүн тамактан кийинки эң мыкты “суусундук”. Ал ич катуунун алдын алып, ичегидеги пайдалуу микрофлораны сактайт.

Күнүнө канча маал тамактандыруу керек?

1 жашка чейинки бала күнүнө:

  • 3 негизги маал тамак (эртең менен, түштө, кечинде);
  • 2 жолу жеңил тамак (алма, банан, йогурт, айран, печенье);
  • Мындан тышкары, талап кылынган сайын эмчек эмүүсү керек.

Тамакты атайын кашык менен берүү сунушталат. Бөтөлкө аркылуу тамактандыруу адатка айланып кетпеши зарыл.

Кайсы азыктарга тыюу салынат?

Төмөнкү азыктар кооптуу болушу мүмкүн:

  • Жаңгак, жүзүм сыяктуу тегерек жана катуу азыктар (какап калуу коркунучу бар);
  • 3–4 жашка чейин мөмө-жемиштерди туурап берүү зарыл;
  • Чийки же жетиштүү иштетилбеген азыктар (чийки балык, чийки жумуртка, үй майонези, икра ж.б.).

Баланын туура тамактануусу — анын келечектеги ден соолугунун негизи. 6 айдан баштап кошумча тамактарды туура киргизүү, эмчек эмизүүнү улантуу жана коопсуз азыктарды тандоо аркылуу ата-эне баласынын толук кандуу өсүп-өнүгүшүнө шарт түзө алат.

Ымыркайдын ден соолугу — бул ар бир үй-бүлөнүн жана коомдун эң башкы байлыгы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.02.2026. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: