Warner Bros. менен макулдашуу жокко чыккан соң Netflix'тин акциясы өстү
Netflix стриминг кызматынын акциялары бүгүн, 27-февралда премаркетте 9,23%га өсүп, бир акциясы 92,4 доллар болду. Кийинчерээк өсүш 7,29%га жайлап, акциялар 90,76 доллар деңгээлинде соодаланды.
Бул өсүш Warner Bros. Discovery менен Netflix ортосундагы активдерди сатып алуу боюнча келишим жокко чыгарылышынан кийин катталган. Буга Paramount компаниясынын сунушу артыкчылыктуу болуп, Warner Bros. Discovery Netflix менен макулдашуудан баш тарткан.
Эксперттер белгилегендей, Netflix үчүн бул чечим каржылык жана стратегиялык жагынан пайдалуу болуп, компаниянын инвестициячылар тарабынан баасынын өсүшүнө шарт түздү. Акциянын көтөрүлүшү Netflixтин рыноктогу позициясын бекемдеп, келечектеги долбоорлорго болгон ишенимди күчөттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:44
2026-02-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















