super.kg logo

Боливияда акча ташып бара жаткан учак кулап, кеминде 20 адам каза болду

 

Боливияда аскердик аба күчтөрүнүн учагы кулап, кеминде 20 киши каза болуп, 20га жакын адам жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Марсела Флореске таянып чет элдик басылмалар жазышууда.

"Учурда кырсыктан 20 адам жаракат алып, 20 адам каза болгону тастыкталды", - деген министр жабыркагандардын көпчүлүгү оор жаракат алышканын белгиледи. Ошондой эле ал жарандарды жарадар болгондорго жардам берүү үчүн кан тапшырууга чакырды.

Жума күнү Боливиянын аскер-аба күчтөрүнө таандык учак Эль-Альто шаарындагы жолго кулап түшкөн. Башында бийлик учак конуу учурунда учуу-конуу тилкесинен чыгып кетип, аэропорттун жанындагы шосседе турган унаалар менен кагылышканын билдирген. Кийинчерээк Коргоо министрлиги ал конуп жатып кулап түшкөнүн моюнга алды.

Учак өлкөнүн Борбордук банкы үчүн акча ташып бара жаткан. Кырсыктан кийин жергиликтүү тургундар учактын тегерегине чогулуп, түшүп калган акчаларды алып кетүүгө аракет кылышып, өрт өчүрүүчүлөр менен дарыгерлердин ишине тоскоолдук жаратышкан. Полиция элди таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Ошол эле учурда банкнотторду уурдоого байланыштуу кеминде 12 адам кармалган.

Ал арада Боливиянын Борбордук банкы акчаны алып кеткендерди аны кайтарып берүүгө чакырып, бул каражаттар жүгүртүүгө чыгарылбагандыктан жараксыз экенин түшүндүрдү.

"Бул банкноттор мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналбайт жана жүгүртүүдө жок. Ошондуктан биз аларды жок кылабыз, ал эми кимде ким бул банкнотторго ээ болсо мыйзамга каршы иш кылып жатат...", - деген банктын өкүлү.






Боливияда учак кулап, кеминде 20 адам каза болду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: