super.kg logo

Чыгым 166 миң сомду түзгөн. Баш калаада уурулукка шектүү жаран кармалды (видео)

 

Бишкектин Ленин райондук милициясы уурулукка шектелген жаран кармалганын билдирди. Милицияга жаран 24-февралда арыз менен кайрылган.

Арыз ээсинин айтымында, 24-февралга караган түнү «Garden Hotel» мейманканасынын унаа токтотуучу жайында белгисиз адам Lexus RX үлгүсүндөгү автоунаанын арткы айнегин талкалап, салонунан «Stefano» үлгүсүндөгү сумканы уурдап кеткен. Келтирилген материалдык чыгым 166 миң сомду түзгөн.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурулук) ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүү делип, буга чейин ушул сыяктуу кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон 29 жаштагы жаран кармалып, убактылуу камоочу жайга киргизилген.

Тергөөдө шектүүнүн жашаган дарегинде тинтүү жүргүзүлүп, далил буюмдар алынган. Учурда кармалган жарандын башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы аныкталууда.







Уурулукка шектүү кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: