super.kg logo
  Спорт  

Гүлнур Таштанбекова эл аралык турнирде коло медаль утту

 
Албаниянын Тирана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO–2026 аттуу эл аралык рейтингдик мелдеште Гүлнур Таштанбекова коло байгенин ээси болду.
Дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлагандай, ал 65 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Алгачкы беттешинде орусиялык Алина Касабиевага утулганы менен, көңүл жубатуучулук айлампа аркылуу медаль үчүн күрөшүүнү улантууга мүмкүнчүлүк алды.
Үчүнчү орун үчүн беттеште индиялык Апекша Патил менен кез келип, 3:3 эсебинде акыркы упай алгандыгынын негизинде жеңишти камсыздай алды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: