Иракта АКШнын элчилигинин алдында полиция менен элдин ортосунда кагылышуу болду
Ирактын борбору Багдадда жүздөгөн демонстранттар көчөгө чыгышып, жашыл аймак делген өкмөттүк имараттарга жана чет элдик дипломатиялык миссиялар жайгашкан жерге, ошондой эле АКШ элчилигине чабуул коюуга аракет кылышты.
Чет элдик басылмалар алар Ирандын жогорку лидери Али Хаменеинин каза болгондугу тууралуу кабардан кийин нааразчылык билдирип чыгышканын жазышууда. Чогулгандар менен полициянын ортосунда катуу кагылышуулар орун алган.
Маалыматтарга караганда, нааразычылык акциясынын катышуучулары АКШ менен Израилге каршы агрессивдүү ураандарды чакырып, аларды Иран лидерин өлтүрдү деп айыпташкан. Алар дипломатиялык кварталды кайтарып турган полиция кызматкерлерине таш ыргытышкан. Ирак полициясы коопсуздукту турукташтыруу үчүн жооп чараларын көрүүгө аргасыз болгон.
Иракта АКШнын элчилигинин алдында полиция менен элдин ортосунда кагылышуу болду
Иракта АКШнын элчилигинин алдында полиция менен элдин ортосунда кагылышуу болду
Иракта АКШнын элчилигинин алдында полиция менен элдин ортосунда кагылышуу болду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















