super.kg logo

Айвазовскийдин музейден жоголгон картинасын белгисиз бирөө "Дело №" гезитинин редакциясына таштап кетти

 

Бүгүн, 23-январда саат 10:30дар чамасында “Дело №” гезитинин редакциясына белгисиз адам музейден жоголгон сүрөттү таштап кетти. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, белгисиз адам аталган редакциянын кеңсесине кирип, башкы редакторго колундагы бланкты берип коюуну ошол жердеги кызматкерлерден өтүнгөн. Андан соң ал белгисиз тарапка из жашырып кеткен. Бланктын ичин ачып карашса, музейден уурдалган сүрөт болуп чыккан. Анан алар милиция кызматкерлерине кайрылышкан.

Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, 2013-жылдын 27-декабрында  Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Иван Айвазовскийге таандык сүрөт уурдалган. Ал “Крымдагы деңиз пейзажы” деп аталат. Сүрөт музейдин экинчи кабатындагы орус көркөм сүрөт залында илинип турчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: