Жылнаама: 1-март — адвокаттар күнү!
Бул тарыхый күнгө карата Кыргызстандын Адвокатурасы тарабынан 2026-жылдын 16-февралынан 27-февралына чейин атайын декада жарыяланган.
Декаданын алкагында аймактык адвокатуралардын мүчөлөрү өлкө аймагындагы жалпы билим берүүчү мекемелерде ачык сабактарды өткөрүштү. Сабактарда окуучуларга адвокаттык кесиптин маңызы, анын коомдогу орду, мыйзамдуулукту жана адам укуктарын коргоодогу ролу тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле жаштардын укуктук аң-сезимин жогорулатуу, мыйзамды урматтоо маданиятын калыптандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Өткөрүлгөн иш-чаралар жогорку деңгээлде уюштурулуп, окуучулар менен мугалимдердин кызыгуусун жаратты. Декада өз максатына жетип, адвокаттык кесипти жайылтуу жана укуктук агартуу багытында маанилүү кадам болду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















