Улуу Британия, Франция жана Германия Иранды коркутту
Улуу Британия, Германия жана Франция бийликтери Иран Жакынкы Чыгыштагы союздаштарына карата соккуларын токтотпосо, аскердик күч колдонууга даяр экенин билдиришти. Бул тууралуу Германия өкмөтүнүн маалымат кызматынан тараган биргелешкен билдирүүдө айтылган.
Бийлик өкүлдөрү Ирандын соккулары үч өлкөнүн аскер кызматкерлери жана жарандары үчүн коркунуч жаратарын белгилешти жана Иранды дароо аткылоону токтотууга чакырышты.
Ошол эле учурда, 1-мартта Улуу Британия АКШга Ирандын ракеталык объекттерине сокку урууда британиялык аскердик базаларды пайдаланууга уруксат берүүгө макул болгонун Улуу Британия премьер-министр Кир Стармер билдирген.
Анын айтымында, Ирандын мамилеси улам курч болуп, Улуу Британиянын жарандарынын жашоосуна коркунуч келтирүүдө, бул эки британиялык базаны АКШ колдонууга уруксат берүү чечимине алып келген.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















