super.kg logo

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 2-марттан 8-мартка чейин

 

КОЙ
(21.03–20.04)

Аптада жолуңуздан кезиккен маселелерден качканга аракет кылыңыз, көйгөй жаралчу учурларда сөздү башкага буруп, айтор, айлакер болуңуз. Антпесе маанайыңыз, өзүңүздү баалоо көрсөткүчү төмөн түшүп кетет. Романтика үчүн ылайыктуу апта, жактырган адамыңызга сезимдериңизди билдирсеңиз болот. Жумушта жаңы ачылыштар күтүлбөйт, баары өз ыргагы менен кетмекчи. Сиз үчүн абройлуу адам менен жолугуп, баалуу кеңеш алганга мүмкүнчүлүк жаралат.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Эмоционалдык абалыңыз ордуна келип, ички тынчтык абалын тапкандай болосуз. Мунун арты менен өзүңүздү жакшы сезип, жашоого жаңыча көз караш менен карашыңыз күтүлөт. Конокко чакыруу алышыңыз мүмкүн. Сиздин харизмаңызга суктанган адам пайда болот, бойдоктор андай адамды колдон чыгарбашы керек. Жумушта майда-чүйдө көйгөй жаралуусу мүмкүн, бирок аны чечүүгө убакыт табасыз. Жеке жашоодо токтоолук, адилеттүүлүк сапаттар талап кылынышы ыктымал.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Жалпысынан апта сиз үчүн позитивдүү маанайда өтөт. Финансылык жактан чыгымга учурашыңыз мүмүн, бирок аны токтото албайсыз, баары керектүүдөй сезилет. Жумушта сизден активдүүлүк талап кылынат, андыктан буту-бутуңузга тийбей чуркап калышыңыз мүмкүн. Сезондук аллергия күч алат, алдын ала иммунитетти бекемдеп, дары-дармегиңизди камдап туруңуз. Бейшемби, ишемби күндөрү жакшы компаниянын курчоосунда убакыт өткөрүшүңүз күтүлөт.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Адамдар менен тил табыша билүү жөндөмүңүз кандай кырдаал болбосун сиздин пайдаңызга чечилүүгө алып келет. Жакындардын түйшүгүн өз моюнуңузга алып, баарына ыңгайлуу адам болгондон качыңыз. Мындан өз психикаңыз гана жабыркайт. Насыя, карыз деген иштерден алыс болуңуз. Бир аз күтө турсаңыз чөнтөгүңүзгө жагымдуу сюрприз болуп акча түшмөкчү. Романтикалык жаатта жаңы барак ачууга, жаңы кадамдарга даяр жана ачык болгонуңуз жакшы.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Арстандарды кызыктуу апта күтөт, мурда болбойт деген идеяларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк жаралат. Каржы булагыңыз көтөрүлүшү мүмкүн, колго тийгендин баарын коротуп салбай, келечекке инвестиция жасаганды үйрөнүңүз. Ички туюмуңузга ишенип кадам таштасаңыз жаңылбайсыз. Ашказан-ичеги оорулары тынчыңызды алышы ыктымал. Жеке жашоодо чынчыл болуңуз, түгөйүңүзгө шек саноого жол бербегенге аракет кылуу керек.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Бийкечтер аптада өзүлөрүн түшүнүксүз абалда сезген учурлар көп болот. Же жоопсуз сүйүү, же күткөн акча колго тийбей калган учур, же дагы башка ыңгайсыздык бул абалга себеп болушу ыктымал. Жумушта алыңыз келбей, түшүнүксүз кырдаал жаралганда уялбай эле кесиптештердин жардамына кайрылыңыз. Кыска аралыкка болсо да сапарга чыгууңуз мүмкүн. Бул күндөрү короо-жайды оңдоп-түзөө пландарыңызды ишке ашырууга кирише берсеңиз болот.

Уландысы шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: