Күндөлүк 2 (мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)
(Башы өткөн сандарда)
Эшикте суук болгонуна карабай, Жантай менен Данек ойноп жатканынан үйгө киргиле дедим. Угар түрү жок экөөнүн тең. Данекти колдон тартсам болбойт. Чыдабай кетип:
– Апаңдын айтканын угушуң керек, кызым,- деп алдына бойлошо отура калдым да: – Мен сенин апаңмын,- дедим. Кызым мостоюп мени тиктеп:
– Менин апам – Анара. Мен Анаранын кызымын,- деди эреркей. Мен дагы өзүмдүкүн бербей:
– Данек, мен сени төрөгөм. Сен менин кызымсың, ширинтайым,- десем колундагы оюнчугун таштап, үйгө чуркап кирип кетти. Артынан кирдим мен дагы. Кирсем, эжемди кучактап алып ыйлап алыптыр. Эжем мени жаман көздөрү менен карап туруп калды. Бир топтон кийин сооронду. Жантайга кошуп берип, мен да артынан чыгайын деп жатсам, мени колдон кармай:
– Бул эмне жоругуң? Экөөбүз сүйлөшпөдүк беле? Жаш баланы ыйлатып.
– Эртели-кеч ал билиши керек.
– Сен Данекти менден кызганып жатасың, билем. Акың бар. Бирок акылсыздык кылба. Бой жетсин. Азыр акыл кире элек.
– Чоңойгончо мен өлүп кетсемчи?! Кокусунан машина сүзүп кетсечи?! Өлүм айттырбай келет да. Эже... Кызым мен жөнүндө билбей өтүп кетемби?- десем эжекем мени бекем кучактай:
– Алтыным менин. Мындай жаман ой кайдан келди сага? Жакыным менин. Андай ойлобо. Баары жакшы болот,- деп сооротуп жатты.
– Данек мени менен калат.
– Ал көнбөйт. Ыйласачы?
– Ыйлап, ыйлап калат. Кызымдын менин жанымда болушун каалайм, эже. Мени бул мүмкүнчүлүктөн ажыратпаңыз,- десем, эжем ой басып диванга отуруп калды.
Кызым ыйлактаган бойдон мени менен калды. Эжем кетип бара жатып аябай ыйлады. Ошентсе да Жантай экөө Ошко учуп кетишти. Ошол күндөн тозок башталды. Өзүмдүн дартымды унутуп койгонсуйм. Данек күнү-түнү ыйлады. Алдаганга да көнбөйт. "Алтыным, эми экөөбүз жашайбыз" десем ого бетер чыңырат! Эмне мынча өжөр? Көк бет! Данекте эки жүздүүлүк деген жок. Бир адамга байландыбы, ошол адамды эч коё бербейт. Кандай эле балдар бардыгына көнө беришет? Мен айылда окуп жүргөндө кошуна эже кызын ар кимге таштап кете берет эле, зарыл иши чыгып калганда. Ошол кызы ыйлабай эле, апасы келгиче бизди алдап, бетибизден өөп, курсагын тойгузуп жүрө берчү. Менин кызымда андай жок. Куулук-шумдук жок бул кызда. Албетте, бул азыр наристе. Ошентсе да кызым башкача. Бир мүнөз, бир сырдуу, бир адамга гана байланат. Мүнөзү атасыныкы. Мен мындай эмесмин. Мен бир адамдан тез эле чарчап калам. Көпкө байлана албайм. Эх... Азыр кызым уктап жатат томпоюп.
24.11. ХХХХ. Күндөлүгүм, бул аралык сенин барагыңды ачканга убакыт болгон жок. Данегим менен убара болуп жүрдүм. Азыр отуруп алып сага ичимдеги ызамды төккүм келди. Күйүтүмдү чачкым келди. Жаман акыбалдамын. Эжем кеткенден кийин кызым ыйлап, эч эле тамактанбай койду. Кыйнасам да, алдасам да болбойт. Урганга колум барган жок. Мен аны аябай жакшы көрөм. Бирок ал өз максатына жетти. Бир күнү дагы адаттагыдай ыйлап жатканда Адилет келип калды. Кир дебеске айлам жок эле. Кирип эле кызымды көтөрө калды. Кичине басылгансыды. Адилет унчукпастан Данекти көтөрүп:
– Жүр шаарга чыгып келебиз. Кийин тез,- деп мага кайрылды. Мен кийинип чыккыча алар машинеде отурушуптур. Данек алдында отурат мостоюп, маанайы жок. Тийишкен жокмун. Шаар айланып, паркка жетерде кызым ордунан кулап эле жатып калды. Адилет чочуп, машинасын токтотуп Данегимди жулкулдатып калды. Мен жүрөм күйпөлөктөп, кызым жатат сулайып. Адилетти "айда жакынкы больницага" дедим. Жетип бардык. Бир канча сааттан кийин врач:
– Силер тамак бересиңерби өзү? Жаш балага да ушундай мамиле кыласыңарбы?!- деп бир тийди.
– Ичпей жаткан ыйлап. Кээде печенье жеп алчу...
– Печенье тамак болчу беле? Эх... Бирөөгө зар, бирөөгө кор бала,- деп кызымды ичинен сылап койду. Мен үнсүз кутулдум. Кызыма тамчылатма дары сайганда чыдабай сыртка чыгып, коридордо отурган Адилеттин жанына барып отурдум.
– Эжеңе чал. Кыйнап коёсуң кызды,- деди ал олуттуу.
– Ишиң болбосун.
– Кызың экенин менден эмне жашырдың? Мен билем, Ошто баары эле билет экен. Бул сенин кызың экенин. Уктум.
– Менин жашоомо аралашпачы, суранам.
– Эжеңе чалып, айттым баарын.
– Сага бирөө айттыбы чал деп?! Эмнеге чаласың?!- деп жиндендим.
– Түшүнсөң. Өзүмчүл экенсиң. Бала эжеңе көнгөн. Эгер анын ден соолугу сени ойлондурса, бер баланы кыйнабай! Бул азыр наристе, эч нерсени билбейт. Менин кызым эмес, билем. Ошентсе да жүрөгүм ооруп жатат. Ойлон. Наристеде эмне күнөө?- дегенде унчукпай, эмне кыларымды билбей отуруп калдым. Ал күнү кечке больницада болдум. Керектүү витамин, дарыларды алып бердим. Эртеси таң атпай эжем чалды. Кайсы больницада экенимди сурап гана телефонун өчүрдү. Келип эле мени менен учурашпастан, кызыма кирип кетти. Артынан кирсем, жана эле көңүлсүз жаткан кызым тура калып эжемди моюнунан кучактап, сүйүнүп алыптыр. Мен кирген жокмун. Жөн гана көз салып турдум.
– Ананайын кызым. Менин жөжөм. Сени бүгүн алып кетем. Эч кимге бербейм. Сен жок жүрөгүм ооруду. Ыйладым. Сагындым,- деп кызымдын колдорунан өпкүлөп жатты.
Кызым да эжеме эркелей:
– Апооу, кеттикчи. Мага Бишкек жаккан жок. Атамды сагындым,- дегенде ал жерде тура албай калдым. Терезе жакка басып барып, ичте каткан көз жашымды төктүм. Денем калтырап турду. Тирүү туруп өз канымдан жаралган кызымдын оозунан "АПА" деген сөздү уга албагандан кийин бул ааламда жашаштын кереги барбы мага?! Айтчы? Жүрөгүм тилинип кетти, үнсүз калдым. Кызганыч денемди жанчыды. Өзүм төрөгөн кызым эми меники эмес, башка бирөөгө таандык экенин сездим. Ал эми эч качан меники боло албасын билдим. Эмнеге менин жашоомдогу жакын адамдарымды менден тартып алып жатасың?! Тагдыр, сени жек көрөм!
Уландысы шилтемеде.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















