Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)
(Башталышы)
Шаар ичинде жумуш издеп жүрүп чарчадым. Барбаган жерим калган жок. Студентмин, бирок ишке муктаждыгым бар. Аябай чарчап отурдум, бирок бүгүн жумуш таппасам чөнтөктөгү болор-болбос акча менен канча күнгө жетем? Баары эле “толук күн иште” деген шарт коюшат. А мен окуумду таштабашым керек. Анткени бул окууга өтүү үчүн мен канча күн, канча түн көз жаш төккөм. Таштай албайм мен окуумду... Таштасам апамдын бетин кантип карайм? Ага эмне дейм? Эми ал аркы дүйнөгө кеткен деңизчи, бирок айырмасы канча. Ал мени так жанымда тургандай сезип турам. Буга мен жүрөгүм менен ишенем.
Баса, өзүмдү тааныштырбай эле жазып бара жатам. Атым – Тамчы, ушундай да ат болобу деп ойлойсуздар болуш керек. Анткени атымды сурагандар менден кайталап сурашат. Атымдын да тарыхы бар. Менин эгизим болгон дешет. Болгон деп коём да, азыр деле бар. Аты – Камчы, менин атым – Тамчы. Атам менен апам ажырашканда атам уул баласын апамдан чыркыратып ажыратып алып калган экен. Апам бечара анын айынан оорукчан болуп калды. Мен апамдын айрылган уулунун ордуна уул, өзүмдүн ордума кыз болгум келчү. Андагы боштукту толтургум келер эле. Балким, кайсы бир учурда толтурсам керек. Аны билбейм.
Негизи менде баары элдикиндей эмес. Мисалы, мүнөзүм... Хм, кандай деп айтсам экен. Кээде айрымдар таң кала тургандай мүнөзүм бар. Кандай дебейсизби?
Адамдын үнүндөгү титирөөнү, көз карашындагы өзгөрүүнү, сүйлөм ортосундагы тынымды да анализдей берем. “19 жашта мунун сага эмне кереги бар?” дешет. Бирок сезимталдык мага жаратылышымдан берилсе керек. Апам раматылык “бул мүнөзүң менен сот тармагында иштесең жарашат” дечү. А мен башка тармакка кеттим.
xxx
Өтө эмоционалдуумун, бирок эмоциянын кулу эмесмин. Бирөөнүн жүрөгү ооруп турса, дароо сезем. Сүйсөм, терең сүйөм. Бирок ошол эле учурда акылым жанды койбой иштеп жаткан болот. “Бул сезим мага зыян алып келбейби? Ушул адам мени сыйлайбы?” дейм. Ошондуктанбы, сүйүү жаатында ийгиликсизмин десем болот. Ким эле көп анализдей берген адамды жактырсын? Адатта эркектер акылын жоготуп сүйүп калгандарды жактырышат эмеспи.
Мен сүйгөндө акылсыз болуп кетпейм. Сүйүү үчүн өз принциптеримди сатпайм. Эгер адам менин ички дүйнөмдү сыйлабаса, мен аны канчалык жактырсам да, артка кадам жасай алам. Анткени өзүмдү жоготкон сүйүү – утуш эмес.
xxx
Адамдардын ички абалын окуйм. Ким чын, ким жасалма убакыт көрсөтпөйт, жүрөгүм сезип коёт. Бирок ошого карабай мен ишенем. Ушундай анализдеп туруп эле аңга түшүп кеткендей ишенип, алданып калган учурларым көп болду.
Мени менен сүйлөшкөн адам кээде өзүн күзгүдөн көргөндөй сезет, анткени мен суроо берем, терең суроо, жарасына тийген...
Анын көңүлүнө да ошол үчүн урундум болуш керек. “Суроолоруң менен жактың” деди бир жолу. Жактымбы же жакпадымбы, бул дагы бир суроо...
Бул жолугушуу, балким, эбактан чечилгендир, болгону керек жерден керектүү убакта жолуксак керек. Жумуш издеп жатпадым беле, телефонумду тиктеп отуруп жарнамага көзүм түштү: “Карыган чоң ата менен чоң энени багуу үчүн студент кыздар керек. Акысы жогору”. Сүйүнүп кеттим. Студент деп жатканына караганда толук күн керек эмес. Шаша-буша көрсөтүлгөн номерге чалдым.
– Саламатсыз, мен жарнама боюнча...
Телефондун ары жагындагы үн сөзүмдү угуп-укпай эле “келе бериңиз” деди да, даректи айтты. Эки кабат салынган үйдүн алдында турдум. Бир эсе киргим келбей жатты. Кандайдыр бир коркунуч каптады, бирок мен бул жумушка муктаж элем. Бардык күч-кайратымды топтодум да, коңгуроону бастым. Бир аз убакыттан кийин анын маңдайында турдум. Жашы 27-30 чамасындагы жигит экен. Көзүндөгү муздактык менен кайдыгерлик жүрөктү үшүтчүдөй. “Жаш эле неме экен, мынчалык олуттуу болуш шартпы?” деп кыжырлана кеттим.
– Канчадасыз?- деди ал мени карап-карабай туруп. Караса да бирөөнү көрчүдөй түрү жок. Ой-санаасы таптакыр башка жакта экенин сезип турдум. Тамагымды жасап, эми сүйлөйүн дегенимде колу менен “токто” дегендей ишарат берди. Токтоп калдым. Компьютерине үңүлдү да калды. Куду бир нерсени таап алгандай чиймелеп, жазып, кайра өчүрүп жатты. Ушунчалык өз дүйнөсүнө берилип кеткендиктен, менин ал жерде бар экенимди да унутуп калды шекилдүү. Бутум талый түштү. Четте турган столго дабышымды чыгарбай жеттим да, аны карап отура бердим. Бир топто барып башын көтөрдү.
– Сиз эмнеге отурасыз?- деди ал таң кала. Негизи менин таң калышым керек болчу бул нерсеге. Эмне дээримди билбей тек гана карап турдум.
– Сиз чакырдыңыз го?
– Аа...
Ал желкесин кашый берди. Күнөөсүн биле калды окшойт, жүзү жумшара түштү. Оо Кудай, буга чейин мен ушундай сулуу жүздү көрдүм бекен? Жок, көрбөсөм керек. Ал дагы өзүн ушул турушунда көрбөсө керек, элестете албаса керек. Адам өзүн башка бирөөнүн көзү менен көрө албайт эмеспи.
– Менин карыган ата-энем бар. Аларга үйдө жардам бере турган адам керек. Кадимки эле жумуш, азык-түлүк алып келүү, дары-дармектерин таап берүү, тамактарын жасоого жардам берүү сыяктуу. Жеке дарыгери бар, үй жыйнап-тазалоо үчүн да келишет. Сиз болгону алардын жанында болуп, кайсы бир иштерине жардам бересиз. Жумуш жеңил...
– Макул.
– Сиз коркпоңуз, алар аябай мээримдүү адамдар.
– Корккон жокмун,- деп бурк эттим.
– Хм, мага коркуп тургандай сезилдиңиз? Иш тажрыйбаңыз барбы?
– Ия?- мен ой учугун жыйнай албай ага суроолуу карадым.
– Мурун иштегенсизби?
– Жок, ой, ооба...
Уландысы шилтемеде.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















