super.kg logo
  Спорт  

Белгилүү армениялык мушкердин беттеши массалык мушташ менен коштолду (видео)

 

UFC уюмунун жеңил салмактагы рейтингинде экинчи орунда турган мушкер Арман Царукян менен америкалык Жоржио Пулластын беттеши массалык мушташка айланды. Алар АКШда RAF 06 турниринин алкагында беттешип, Царукян кармашта 5:3 эсебинде жеңишке жеткенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, жыйынтык жарыялангандан кийин чыңалуу күчөп, Царукян атаандашын жыгып, бир нече сокку урган. Натыйжада экөөнүн тарапташтары массалык түрдө мушташты.

Спорт басылмалары Пуллас беттеш учурунда Царукянды кемсинткенин жазышууда. Мындан улам беттеш аяктаганда пикир келишпестик орун алган.

Эскерте кетсек, 29 жаштагы Царукян ММА боюнча профессионалдык карьерасында 23 жеңишке жетип, 3 жеңилүү ызасын тарткан. Анын 15 жеңиши мөөнөтүнөн мурда келген. Акыркы ирет уюмдун алкагында ал жаңы зеландиялык Дэн Хукерди жеңип, позициясын бекемдеген.






Арман Царукяндын RAF 06 турнириндеги жеңиши массалык мушташ менен коштолду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: