Түркия кырдаалга байланыштуу Иран менен чек арасына чектөө киргизди
Түркия акыркы кырдаалга байланыштуу Түркия-Иран чек арасындагы бекеттерге чектөөлөрдү киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Түркиянын соода министри Омер Болат жергиликтүү басылмаларга билдирген.
Министрдин айтымында, учурда үч бажы бекетинде операциялар кадимки тартипте жүрүп, жүк ташуучу унаалардын кыймылы уланууда. Ошондой эле Түркия өз жарандарына жана үчүнчү өлкөнүн жарандарына Ирандан кирүүгө уруксат берет.
Мындан тышкары, түрк бийлиги кырдаалдын өнүгүшүнө жараша кошумча чараларды көрүүгө даяр экени кошумчаланган.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















