Супер фактылар: Дүйнөдөгү ЭҢ-ЭҢ деген мамлекеттер
Эң суук өлкө
Дүйнө жүзү боюнча орточо жылдык аба ырайын эсептегенде, эң суук мамлекет – Орусия болуп саналат. Орусияга катарлаш Гренландия (Даниянын автономдуу аймагы) да бар. Ал эми планетадагы эң суук жер – Антарктида, бул жерде -98 градус көрсөткүч катталган.
Эң ысык өлкө
Жайдын ысык аптабында +50 градустан жогорку көрсөткүчкө чыккан мамлекеттер – Кувейт жана Катар. Буларга катарлаш Буркина-Фасо, Мали жүрөт. Ушул кезге чейин жердеги абсолюттук рекорддогу эң ысык температура Ирандагы Деште-Лут чөлүндө катталган +80,8 °C.
Эң көп калктуу өлкө
Көп жыл бою элинин саны боюнча биринчиликти алып келе жаткан Кытай мамлекетин артта калтырган Индия болду. Азыр Индия дүйнөдөгү эң көп калктуу мамлекет болуп саналат. 2024-2025-жылдардагы эсептөөлөргө ылайык, Индиядагы калктын саны – 1,44-1,45 миллиард адам. Ал эми экинчи орунда келе жаткан Кытайдагы калктын саны – 1,41 миллиард адам. 3-орунда кайсы мамлекет десеңиз, 340-350 миллион адамы менен АКШ турат.
Эң аз калктуу өлкө
Дүйнөдөгү эң аз сандагы эли бар мамлекет – Ватикан. Ватикан аянты жагынан да эң кичине өлкө. Бул карлик мамлекетте болгону 500-800 гана адам жашайт. 2-орунда Тынч океанда жайгашкан Ниуэ арал-мамлекети турат, калкынын саны – 1400 адам. Үчтүктү Науру мамлекети жабат, элинин саны – 10 миң.
Эң чоң өлкө
Ээлеген аянты жагынан дүйнөдөгү эң ири мамлекет – Орусия. Анын аянты 17 миллион чарчы чакырымды түзөт. Ал эми экинчи орунда 9,98 миллион чарчы чакырым аянтты ээлеп Канада турат. Үчүнчүдө 9,83 миллион чарчы чакырым аянтты ээлеген АКШ бар.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















