super.kg logo

Лионель Месси дагы бир жетишкендикке жетип, рекорд жаңылай алды

 

"Интер Майами" футбол клубунун жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси дагы бир тарыхый жетишкендикке жетишип, рекорд жаңылады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Анда футбочу "Интер Майами" менен "Орландо Сити" командаларынын беттеши учурунда түз айып соккудан 70-голун киргизип, белгилүү футболчу Пеленин голдору менен теңей алган. Ал эми футболчу Криштиану Роналду мындай ыкма менен 64 гол киргизген.

Бирок жалпы голдордун саны боюнча Роналду лидерликти бере элек. Ал жалпы 965 гол киргизгенге жетишсе, Месси 898 гол киргизе алган.

Аталган мелдеш 2:3 эсебинде "Интер Майами" футбол клубунун жеңиши менен аяктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: