Иран Израилдин премьер-министринин кеңсесине ракеталык сокку урганын билдирди
Ирандын аскерлери Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун кеңсесине жана аба күчтөрүнүн командирине ракеталык сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, чабуул учурунда Kheiber орто аралыкка жетүүчү баллистикалык ракеталар колдонулган. Израил бул окуянын кесепеттери боюнча азырынча комментарий бере элек.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.
1-мартта Израилдин соккуларынын натыйжасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болду. Өлкөдө улуттук аза күтүү жарыяланып, убактылуу жетекчилик кеңеши түзүлдү. Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Хаменейдин өлүмү үчүн өч алууну убада кылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















