Трамп АКШ Иранга каршы операциядагы максаттарына жетүүгө аз калды деп эсептейт
Американын президенти Дональд Трамп АКШ Иранга каршы операциядагы максаттарына жетүүгө аз калды деп эсептейт. Ал бул тууралуу News Nation телеканалынын журналистинин "максаттар аткарылганын кантип түшүнөсүз?" деген суроосуна жооп берип жатып айткан.
"Бул - мен жасап жаткан иш, мен көп нерсени билем жана максатка жеткен учурду так түшүнөм. Бул жакындап калды. Биз чоң зыян келтирип жатабыз. Ошол эле учурда биз аларды кылдаттык менен артка сүрүп жатабыз",- деген Трамп.
Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Азыркы учурда Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу курч бойдон калууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















