super.kg logo

Ирандын соккусунан Кувейтте 27 аскер жаракат алды

 

Кувейттин аймагына Ирандын соккусунун кесепетинен улуттук армиянын 27 аскер кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү Ирандан 150дөн ашык ракетаны жана 350 учкучсуз учакты кармаган.

"27 аскер кызматкери жаракат алды. Алардын абалы туруктуу. Учурда экөө ооруканада дарыланууда",- деп айтылат маалыматта.

Мекеме армия күчөтүлгөн режимде экенин, абадан коргонуу күчтөрү аба мейкиндигин күнү-түнү көзөмөлдөп турганын баса белгилеген.

Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаган.

2-март күнү эртең менен ирандык маалымат каражаттары АКШнын Кувейттеги элчилигине жана Бахрейндеги америкалык базага сокку урулганын кабарлашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: