Нетаньяху Иран менен кырдаалдын өнүгүшү тууралуу божомолун айтты
Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху Иран менен ири аскердик операциянын өнүгүшү тууралуу пикирин билдирди. Анын Fox News телеканалына берген маегинде айткан божомолуна караганда, өлкөлөр ортосундагы салгылашуулар түбөлүккө созулбайт.
"Түбөлүктүү согуш болбойт... Бул тез жана чечкиндүү операция болот",- деген Нетаньяху.
Нетаньяху ошондой эле Иранга каршы операция эч кимдин кыялына да келбеген тынчтык доорун башташы мүмкүн деген пикирин билдирген.
Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иран аймагында кеңири масштабдагы аскердик операция баштаган. Буга жооп катары Иран да операциясын баштап, Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскердик базаларга жана Израилдин шаарларына сокку урган. Иран тараптан жасалган чабуулдардын кесепетинен Бириккен Араб Эмирликтери, Бахрейн, Ирак, Оман жана Перс булуңундагы өлкөлөр жабыркаганы кабарланды.
1-мартта Израилдин соккуларынын натыйжасында Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болду. Өлкөдө улуттук аза күтүү жарыяланып, убактылуу жетекчилик кеңеши түзүлдү. Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Хаменейдин өлүмү үчүн өч алууну убада кылды. Учурда Жакынкы Чыгышта кырдаал курч бойдон калууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















