super.kg logo

Түркия Иран менен чек арасындагы үч өткөрмө пунктун жапты

 

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Түркия Иран менен чек арасындагы үч өткөрмө пунктун жапты. Бул тууралуу Түркиянын соода министри Омер Болат билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, ал качан жабылганын так айткан эмес, бирок өткөрмө пункттарында "өзгөчө кырдаал" жок экенин белгиледи.

"АКШ жана Израил Иранга сокку ургандан кийин чек ара аймагында коопсуздук чаралары күчөтүлгөн жана бардык тиешелүү мамлекеттик мекемелердин координатордук ишин мындан ары чыңдоо талкууланып жатат. Бардык бөлүмдөрүбүз жогорку даярдыкта жана милдетин аткарууну улантышууда",- деди министр.

Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аскерлер Иранда аскердик операция баштаганын билдирген. Израил да республикага сокку урганын жарыялаган. Тегеран болсо жооп катары Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскер базаларына сокку урган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: