super.kg logo

Израилдин өкмөт башчысы: "Иран режими тарыхтагы эң алсыз абалда"

 

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Иран АКШ менен Израилдин аракеттеринен улам бир топ алсырап калганын, андыктан аскердик операция тез аякташы мүмкүн экенин айтты.

"Чексиз согуш болбойт. Тез жана чечкиндүү операция болот",- деди ал Fox News каналына берген маегинде.

Ал соккулардын уланышы зарыл экенин жана операция Ирандагы режимдин алмашуусуна шарт түзүшү мүмкүн экенин кошумчалап, "Иран режими азыр тарыхтагы эң алсыз абалда" деди.

Айта кетсек, 28-февралда АКШ Иранга каршы Израил менен биргелешкен ири масштабдуу аскердик операция башталганын жарыялаган. Израил жана Америка күчтөрү Тегеранга, анын ичинде Минаб шаарындагы мектепке сокку урушту.

Өч алуу максатында Тегеран Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларына ракеталар жана дрондор менен сокку урууда. Жардыруулар Абу-Даби менен Дубайда да болуп жатат. Иран АКШнын аймактагы 27 базасына жана Израил армиясынын командалык имаратына сокку урганын кабарлады.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: