super.kg logo

Мексикадагы наркобаронду акыркы сапарга узатуу: Эль Менчо алтын табытта жерге берилди

 

Мексикада күчтүү кылмыштуу топтун жетекчиси, “Халиско - Жаңы муун” картелинин башчысы Немесио Осегера Сервантес (лакап аты - Эль Менчо) акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Алтын табыт жана күчөтүлгөн коопсуздук

Маалыматка ылайык, коштошуу зыйнаты Ресинто-де-ла-Пас көрүстөнү аймагында өткөн. Маркумдун сөөгү көрүстөнгө алтын түстөгү табыт менен жеткирилген.

Ак катафалк түш маалында келип, табыт кызыл розалардан жасалган короз формасындагы гүл композициясы менен кооздолгон. Короз символу Осегера Сервантеске байланыштуу экени айтылат - ал короз уруштарына кызыккандыктан “Сеньор де лос гальос” (короздордун кожоюну) деген атка конгон.

Маркумдун жакындарынын катышуусунда алтын табыт оркестрдин коштоосунда мүрзөгө жеткирилди. Көрүстөн жайгашкан аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлүп, улуттук гвардия, армия жана полиция кызматкерлери нөөмөттө турушкан. Процессия өткөн жолдордо блокпосттор коюлган.

Өлүмүнүн жагдайы

Буга чейин Мексиканын башкы прокуратурасы бардык тиешелүү процедуралар аяктап, генетикалык экспертизанын жыйынтыгында туугандык байланышы тастыкталгандан кийин Эль Менчонун сөөгүн үй-бүлөсүнө өткөрүп берген.

Маалыматтарга ылайык, ал 22-февралда федералдык күчтөр жүргүзгөн операция учурунда Тапальпа муниципалитетинде оор жаракат алып, каза болгон. Анын өлүмүнөн кийин картелдин мүчөлөрү Халиско штатында жана өлкөнүн башка аймактарында баш аламандыктарды уюштурушкан.

Эль Менчо акыркы жылдары Мексикадагы эң таасирдүү жана издөөдө жүргөн кылмыштуу топ башчыларынын бири катары белгилүү болчу. Ал жетектеген “Халиско - Жаңы муун” картели өлкөдөгү эң күчтүү кылмыштуу түзүмдөрдүн бири деп саналган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: