super.kg logo

Айыл чарба техникалары жазгы талаа жумуштарына 84 пайызга даяр 

 
Айыл чарба техникалары жазгы талаа жумуштарына 84 пайызга даяр. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча 92 миңден ашык айыл чарба техникасы катталган. Анын ичинде 22 330 трактор, 11 598 соко, 3379 үрөн сепкич, 15 645 мала жана башка техникалар бар.
"Жазгы талаачылык айдап-себүү иштерине даярдык көрүүнүн алкагында аймактардагы айыл чарба субъекттери тарабынан техникаларды оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада техникалардын басымдуу бөлүгү сезондук жумуштарды аткарууга даяр болду. Учурда республика боюнча айыл чарба техникаларынын жалпы даярдыгы 84 пайызды түзөт",- деп билдирди министрлик.
Ошондой эле жазгы өнөктүккө 8 миңден ашык жер айдоочу агрегат жана 3 миңден ашык себүүчү агрегат катышары күтүлүп жатканы кошумчаланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: