super.kg logo

Ошто 22 жаштагы эне үч эм кызды жарык дүйнөгө алып келди

 
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө үч эм наристе төрөлдү. Бул тууралуу 3-мартта аталган ооруканадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-февралда оорукананын төрөт бөлүмүндө Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагынын тургуну, 2004-жылы туулган Бердигулова Мавлюда аттуу кош бойлуу эне үч эм кызды жарык дүйнөгө алып келди. Буга чейин жаш эненин бир кызы болгон. Үч эмдин азыркы абалы жакшы, алардын салмактары 1800 грамм, 2220 грамм жана 2320 грамм болгон.
Эне-баладан оорукананын директору Атабек Жумалиев кабар алып, белектерин жана өз эсебинен 5 миң сом сүйүнчү акчасын тапшырды.
Белгилей кетсек, бул аталган ооруканада 2026-жылы башынан бери төрөлгөн алгачкы үч эм. Оорукананын төрөт стационарында 1 жылдын ичинде орточо 5-10 үч эм төрөлөт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: