Кызыл-Кыяда баңгизат сатуу менен алектенген эки шектүү кармалды
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында баңгизат сатуу менен алектенген эки шектүү кармалды. Бул тууралуу 3-мартта облусттун ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.Маалыматка ылайык, “Притон” операциясынын алкагында гашиш баңгизатын сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Кызыл-Кыя шаарынын 21 жаштагы А.Б. жана 22 жаштагы Д.А. аттуу тургундары кармалган.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:49
2026-03-03
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















