Өлкөдө 16,8 миллиард сомдук зер буюмдар легалдаштырылды (видео)
Мамлекеттик салык кызматы 1-мартта зер буюмдарды легалдаштыруу боюнча өнөктүктү расмий түрдө аяктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өнөктүк учурунда 942 ишкер өзүнүн зер буюмдарын мыйзамдаштырды. Жалпы суммасы дээрлик 16,8 миллиард сомду түзгөн товарлар каттоодон өтүп, 1604 электрондук эсеп-фактура таризделди.
Документтери жок болгон зер буюмдарынын калдыктары тууралуу маалыматтар Салык кызматынын базасына киргизилди. Бул кадам мындан ары зер буюмдардын жүгүртүлүшүн так эсепке алып, көзөмөлдөөгө шарт түзө тургандыгы маалыматта кошумчаланды.
Өлкөдө 16,8 миллиард сомдук зер буюмдар легалдаштырылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:24
2026-03-04
13:16
2026-03-04
11:00
2026-03-04
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















