Beeline Жакынкы Чыгыштагы абоненттерин акысыз роуминг менен камсыз кылды

Үйдөн алыста, туруксуз кырдаалда жана тынчсыздандырган абалда жакындарыңыз менен байланышта болуу жана болуп жаткан окуялардан кабардар болуу өзгөчө маанилүү. Жакынкы Чыгыштагы мекендештерди колдоону күчөтүү максатында Beeline Кыргызстан улуттук мобилдик оператору БАЭ, Израил, Кувейт, Катар, Бахрейн, Сауд Арабиясы, Оман жана Иранда роумингде жүргөн бардык абоненттерине акысыз байланыш кызматтарын көрсөтөт.
Beeline'дан акысыз роуминг төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- мессенджерлерди колдонууга;
- жаңылыктар сайттарын жана социалдык тармактарды көрүүгө;
- каалаган кырдаалда байланышта болууга.
Социалдык жактан жоопкерчиликтүү компания катары Beeline абоненттерди күнүмдүк жашоодо гана эмес, байланышка жетүү эң керектүү болуп турган оор мезгилдерде да колдоону өзүнүн милдети деп эсептейт. Бул жакындарыңыз жана досторуңуз менен баары жакшыбы, жокпу, тез арада билүүгө, ишенимдүү маалыматты ыкчам алууга, өзүңүздү тынчыраак жана ишенимдүү сезүүгө мүмкүнчүлүк.
Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактаңыз!
Beeline улуттук оператору ар дайым байланышта.
КРнын СӨжИТМге караштуу БТЖСККнын 21.12.2016-жылдагы №15-1420-КР, 21.12.2016-жылдагы №16-1526-КР, 17.09.2024-жылдагы №14-1102-КР, 04.11.2024-жылдагы №14-1125-КР, 18.08.2025-жылдагы №16-0089-КР, 06.10.2021-жылдагы №21-0489-КР жана 07.02.2020-жылдагы №20-0388-КР уруксаттамалары.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















