super.kg logo

Баалар асман чапчыды: Омандан Москвага бизнес-жет менен учуу 20 миң еврого жетти

 

Омандан Москвага уча турган рейстеги бир орун үчүн баа 20 миң еврого чейин көтөрүлгөнү бизнес-жеттердеги орундарды брондоочу GetJet онлайн-платформасынын маалыматына таянып белгилүү болду. Мындай суммага 2-мартка пландалган RA-64053 борт номурлуу Ту-204 учагындагы бир кресло сунушталууда.

Маалыматка ылайык, авиаброкердин кардарларынын бири операторго шилтеме берип билдиргендей, учурда рейс штаттык режимде аткарылат деп пландалууда. Анткени Омандын аба мейкиндиги азырынча ачык, бирок “жабылышы мүмкүн болгон чектөөлөр” бар экени эскертилген. Москва убактысы боюнча саат 20:00гө карата учакта дагы 8 бош орун калган.

Бул багытта үзгүлтүксүз каттап жүргөн кардардын айтымында, кадимки шартта ушундай конфигурациядагы чартердик бортту толугу менен ижарага алуу 150–200 миң АКШ долларын түзчү.

RA-64053 номурлуу Ту-204 учагы Роскосмос түзүмүнө кирген Космонавттарды даярдоо борборуна таандык. Анын негизги багыты — космостук программаларды ишке ашырууга катышкан кызматкерлерди жана мамлекеттик комиссия мүчөлөрүн ташуу. Учак 94 жүргүнчүгө чейин батыра алат жана учуу аралыгы 6,2 миң чакырымга жетет. Толук жүктөлгөн учурда борттогу орундарды сатуудан түшкөн киреше дээрлик 1,9 миллион еврого чыгышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: