super.kg logo

Европада ядролук кызматташуу кеңейет: Польша демилгеге кошулду

 

Польшанын премьер-министри Дональд Туск өлкө ядролук коопсуздук маселесинде пассивдүү болууну каалабай турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Анын айтымында, Варшава бул тармакта союздаштары менен тыгыз кызматташат жана келечекте мүмкүн болушунча автономдуу аракеттенүүгө даярдык көрөт. Мунун алдында Эммануэль Макрон Франциянын “өнүккөн ядролук доктринага” сегиз европалык өлкө кошуларын маалымдаган. Алар: Улуу Британия, Германия, Польша, Нидерланды, Бельгия, Греция, Швеция жана Дания.

Тусктун белгилешинче, Польша Франция менен гана эмес, бул долбоорго чакырылган башка мамлекеттер менен да консультацияларды жүргүзүүдө. “Ядролук кармоо системи боюнча Франция менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мындан тышкары, Польша менен бирге катышууга чакырылган өлкөлөр менен да кеңешүүлөр болууда”,- деди ал.

Премьер-министр март айында Париж шаарында өтө турган ядролук энергия боюнча саммитте бул маселени Макрон жана башка европалык өнөктөштөр менен талкуулоого ниеттенгенин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: