Баткен облусуна Мамыржан Рахимов жетекчи болуп дайындалды
Айбек Шаменов президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, анын ордуна Мамыржан Рахимов дайындалды. Бул тууралуу кечээ, 3-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, тиешелүү тескемеге өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду. Рахимов буга чейин президенттин Баткен облусунун чек ара аймактарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча атайын өкүлү болуп турган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:24
2026-03-04
13:16
2026-03-04
11:00
2026-03-04
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















