super.kg logo

Катар Ирандын чабуулдарына жооп кылууну карап жатканын билдирди

 

"Иран кызыл сызыктан өттү",- деп Катардын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мажед аль-Ансари брифингде билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, Иран соккуларды бир гана АКШнын аскердик объекттерине эмес, Катар аймагына толугу менен жасаган. Чабуулдар "Доха" аэропортуна жана газ объекттерине да тийген.

"Биздин көз карандысыздыгыбызга кол салуулар тынымсыз болуп жатат. Инфраструктурага, турак жайларга сокку урулууда. Бул чабуулдардын кесепети айкын. Мүмкүн болгон жооп чаралары тууралуу айтсак, биздин жетекчилик бардык варианттарды карап жатат. Бирок биз так билдиришибиз керек: мындай чабуулдар жоопсуз калбайт",- деди ал.

Эскерте кетсек, 28-февралда АКШ президенти Дональд Трамп америкалык аскерлер Иранда аскердик операция баштаганын билдирген. Израил да республикага сокку урганын жарыялаган. Тегеран болсо жооп катары Жакынкы Чыгыштагы америкалык аскер базаларына сокку урган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: