Ливанда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 3 кызматкери каза болду
Ливандын түштүгүндөгү Тир шаарында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун үч медициналык кызматкери каза болду. Бул тууралуу аталган уюмдун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейюс билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Айтымында, ДСУнун дагы алты кызматкери жаракат алышкан.
"Ливандын Тир аймагындагы жарылуудан жабыркагандарды дарылоо учурунда үч фельдшер каза болуп, дагы алты адам жарадар болгон",- деп жазган ал X социалдык тармагына.
ДСУнун башкы директорунун айтымында, Ливандагы медицина кызматкерлери үчүн коркунуч жогору бойдон калууда. Ал Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын тараптарын гуманитардык укуктарды урматтоого чакырды.
Белгилей кетсек, Израилдин Коргоо күчтөрүнүн басма сөз катчысы 2-мартта Ливандагы "Хезболланын" буталарына сокку ура баштаганын жарыялаган. Бул аракеттер "Хезболланын" Израил аймагына карата чабуулдарына жооп катары жасалганы айтылган.
Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы эки күндө 50 адам каза болуп, дагы 335 киши жаракат алышкан. 60 миңге жакын тургун үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















