super.kg logo

БУУ Минабедеги мектепке сокку урулушун тез арада иликтөөнү талап кылууда

 

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк Ирандын Минабе аймагындагы мектепке жасалган сокку боюнча ыкчам жана объективдүү иликтөө жүргүзүүнү талап кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Тюрктүн маалыматына ылайык, Ирандын Кызыл Жарым Айынын маалыматы боюнча акыркы чыңалуу учурунда 787 адам каза болгон.

Жогорку комиссар иликтөө милдети сокку жасаган күчтөрдүн мойнунда экенин белгилеп, натыйжаларын ачык жарыялап, тийиштүү адамдарды жоопко тартуу жана жабыркагандарга компенсация төлөтүү керектигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, кечээ, 2-мартта Ирандын түштүгүндө жайгашкан башталгыч класстын окуучулары билим алган мектепке АКШ жана Израил тарабынан сокку урулганы маалымдалды. Анда курмандыктардын саны 171 адамга жеткени, көпчүлүгү окуучулар экени кабарланды. Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи 160 кызга казылган мүрзөлөрдүн сүрөтүн жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: