“Яндекс Кыргызстан” “Дордой” футбол клубунун расмий демөөрчүсү болду

“Яндекс Кыргызстан” “Дордой” футбол клубун колдоп, команданын расмий демөөрчүсү аталды. Тиешелүү келишимге “Яндекс Кыргызстан” компаниясынын жетекчиси Тилек Сулайманов жана “Дордой” футбол клубунун директору Бакыт Бекбердинов кол коюшту.
Кызматташтык 2026-жылкы сезонго эсептелип, клубга каржылык колдоо көрсөтүүнү, ошондой эле өлкөдө футболду өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу боюнча биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну камтыйт.
“Яндекс Кыргызстан” клубду алгач 2025-жылы Кыргызстандын Кубогунун финалына даярдык көрүү алкагында колдогон. Финал Кара-Суудагы жаңы стадиондо президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өтүп, натыйжада “Дордой” футбол клубу “Мурас Юнайтедди” 2:1 эсебинде жеңген.
Футбол клубга көрсөтүлгөн колдоо спортчулардын кесиптик өсүшүнө шарт түзүп, оюнчулардын даярдык деңгээлин жогорулатуудан тартып аларды заманбап жана ыңгайлуу спорттук форма менен камсыздоого чейин багытталат.
Өнөктөштүктүн алкагында “Yandex Go” сервистеринин логотиби команданын оюн формасына түшүрүлөт.



0

Супер-Инфо
super.kg видео
















