Кадыр түндүн белгилери, тосуу жол-жобосу
Муфтияттын маалыматына ылайык, өлкөдө кадыр түн 16-марттан 17-мартка караган түнү белгиленет. Бул түн өзүнүн өзгөчөлүгү – Орозо айынын акыркы так күндөрүнө жашырылганы, сырдуу кылынганы. Ислам дүйнөсүндө кадыр түндү Орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү деп эсептешет.
Бул жолу муфтияттын маалыматына таянуу менен кадыр түндүн мааниси, белгилери, бул түндү өткөрүү тартиби тууралуу баяндайбыз.
"Кадыр" деген сөздүн чечмелениши
"Кадыр" – "таңуулоо", "баа берүү", "бийик даража", "таң калычтуу күч-кубат" деген маанилерди билдирет. Исламда кадыр түн ыйык түн болуп, бул күнү Жараткан тагдырларды белгилеп, пайгамбарларга даанышмандык берет деп айтылат.

Кадыр түн Куран китеби түшүрүлгөн түн
Касиеттүү кадыр түндүн керемет өзгөчөлүктөрү менен соопторунун бир башаты — ушул түндө Курандын пайгамбарыбызга (САВ) түшүрүлө баштаганы. Куран - Жараткан тарабынан адамзатка берилген түбөлүктүү керемет китеп.
Кадыр түндүн белгилери
Хадистерде жана уламалардын баяндарында кадыр түндүн белгилери төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
- Түн тынч, жылуу жана бейпил болот;
- Асманда адаттан тыш жарыктык байкалат;
- Шамал, бороон же катуу ысык болбойт;
- Таңкы намазга чейин өзгөчө тынчтык өкүм сүрөт;
- Таң атканда күндүн нуру жумшак, нурсуз көрүнөт.
Кадыр кечесинин жашырылып сыр болуусунун себеби:
- Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда анда жалкоо табияттар бүгүн Кадыр кечеси деп калган күндөрү түнкү ибадаттарды таштап салмак.
- Эгерде Кадыр кечеси бир күнгө белгиленип калганда, кайсыл бир пенде кокусунан ал кечени тосо албай калса, калган түндөрү өкүнүп калмак.
- Канча кече үмүт кылып Кадыр түн тоссо, ар бирине өз алдынча сооп алат.
Кадыр түндү кантип өткөрүү керек?
- Намаз окуу;
- Куран окуу – айрыкча, кадыр сүрөсүн көп окуу;
- Зикр жана дуба кылуу;
- Пайгамбарга (САВ) салават айтуу;
- Тобо кылуу, кечирим суроо;
- Садака берүү – муктаждарга жардам берүү.
Белгилей кетсек, быйылкы Орозо айы 19-февралда башталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















